22-сентябрь: аба +30 градуска чейин ысык болот

22-Сен. 2017, Жума, 10:13

Бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;

Баткен дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;

Бишкек шаарында 22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!