“Azime LLC”де америкалык кыялын ишке ашырган Кенжебек

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 15:08

Америкадагы Вирджиния эл аралык университетинде билим алып, бул өлкөдө иштеп жаткан Куддус уулу Кенжебек “Zaman.kg” маалымат агенттигинин кабарчысы менен маек курду.

Каарманыбыз, Кенжебек мырзанын туулуп өскөн кичи мекени Ат-Башы районунун Кара-Суу айылы. Мектепти Нарын шаарынан бүтүргөн.

-Кенжебек мырза, алгачкы кепти Америкага кандайча барып калганыздан баштасак...

- 2013-жылы Бишкектеги Эл аралык Ататүрк - Алатоо университетин аяктаган соң, Эл аралык Вирджиния университетинин (Virginia International University) бизнес жана башкаруу бөлүмүнө магистратурага тапшыргам. Ал эми азыркы маалда “Azime LLC” фирмасында менеджердин жардамчысы болуп иштеп, жакшы тажрыйба топтоп жатам.

2012-жылы “Work and Travel” деген программа менен Америкага иштегени келгем. Ошондо бул жактагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, билимимди өркүндөтүп, жакшы тажрыйба топтоо боюнча ой пайда болуп, анан алдыга максат койгом. Ошентип жогорудагы аталган окуу жайда окуп калдым.

-Ал жакта окуу сиздин бала кезиңизден бери келе жаткан кыял болсо керек? Негизи эле Америкада окуу кыйынбы?

- Албетте, бала кезимде эле чет өлкөдө окууну каалап, көп кыялданчу элем. Бирок, Америкадан жогорку билим алып калам деп эч ойлобоптурмун. Негизи эле Америкада окуу боюнча айта турган болсок, ооба, бул жакта окуш кыйын. Анткени, билим алууга адаптация болуу бир топ убакытты талап кылат. Себеби, бул өлкөгө жаңы келгениңе карабай студенттик жашоого көнүп, окууну башкалардан калбай өздөштүрүп кетүү абдан маанилүү.

-Вирджиния университеттинде студенттер, магистранттар үчүн кандай шарттар түзүлгөн. Студенттик жатаканада жашайсызбы?

- Эл аралык Вирджиния университети жеке менчик университет болгондугуна байланыштуу бул жакта өлкөнүн булуң-бурчунан келген студенттер көп. Анын ичинде Кыргызстандан келген студенттердин да саны арбын десек болот. Ал эми билим алуучулар үчүн түзүлгөн шарттары аябай жакшы. Бул жагынан сөз жок. Бирок, кээде түйшүктүү учурлар болуп турат. Жалпысынан студенттик жатаканада жашаган кыргыздар жокко эсе. Фэрфакс (Fairfax) шаарында студент кыргыздар бар. Мен ошолор менен бирге жашайм.

-Сиз билим алып жаткан жогорку окуу жайда окууну каалаган мекендештерибиз эмне кылуулары керек?

- Бул жакта окууну каалаган мекендештерибиз эң башкысы англис тилин жакшы билүүлөрү керек. Бул шарт. Себеби, көптөгөн илимий иштер, китеп-журналдар, жаңы технологиялардын тили жана башканын баары англис тилинде. Англис тилин жакшы өздөштүрсө анда калган кыйынчылыктарды оңой басып өтө алышат. Бирок, биздин жаштар абдан акылдуу келет. Анткени, аларга мектептеги, андан соң университетте алган билимдери көп жардам бергендиктен, жаштарыбыз бир нерсени бат өздөштүрүп кетишет. Бирок, кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болгондо эле алдыга койгон максаттарыңан баш тартпоону үйрөнүп, максаттарга жетүү үчүн талыкпаган эмгек кылуу керек деп айта кетмекчимин. Себеби, азыр жеңил эч нерсе жок. Бирок, ар бир кыйынчылыктын артында бир чоң ийгилик бар экенин унутпоо зарыл.

-Бул жакта окуш үчүн албетте каражат маселеси да маанилүү, сиз бул маселени кантип чечтиңиз же бул жактан ата-энеңиз акча салып турабы?

- Жалпысынан айтканда Кыргызстанга салыштырмалуу бул жактагы окуу төлөмдөрү өтө кымбат. Ошого карабастан Вирджиния университеттиндеги көптөгөн кыргыз студенттери өздөрүнүн күчү менен окуп келе жатышат. Ал эми мага келсек, чынында мен окуу үчүн ата-энемден каражат алуу деген оюма келбептир. Бул жакта окуу менен бирге эле ишти да чогуу алып кетүүгө аракет кылсаң, анда каржы жактан маселеге көп туш болбойсуң. Керек болсо, бул жакта иштеп да, окуган да студент кыргыздар өздөрүнүн гана бакбастан, Кыргызстандагы үй-бүлөсү үчүн жакшы каражат салып, аларга чоң жардам кылып келишет.

-Окутуунун методдору кандай экен, биздин окуу жайлардан айырмачылыгын байкай алдыңызбы?

-Америкада окутуу методу биздикинен башкача. Бул жакта студенттер ар бир нерсени өз убагында кечиктирбей кыла билүүсү чоң мааниге ээ. Ошондой эле окуу, изденүү жана өз алдынча аракеттенүү ар бир студентке болгон талаптардын бири болуп саналат. Аны менен бирге эле ар бир студенттин окууга катышуусу менен кошо эле, анын оюн угуу профессорлор үчүн чоң мааниге ээ. Башкача айтканда, студенттердин барына мотивациялык жана индивидуалдуу кадам жазалат. Бул албетте студенттердин жакшы окуусуна шарт түзөт.

-Маегибизди ушуну менен аяктайлы. Буюрса, мындан кийин да маектешебиз деген ойдомун. Жалпыга каалоо жана кайрылууңуз.

- Кыргыз элинин тарыхы бай. "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгаруу мезгили келди. Буюрса бир канча күндөн кийин өтүүчү президенттик шайлоодо ойлонуп, татыктуу президентти шайлап алсак экен. Анткени, өлкөбүздү алдыга сүйрөп, мекенин сүйгөн талапкерди тандоо баарыбыздын милдетибиз. Ошондой эле өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге тынчтык жана бейкутчулук каалайм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!