Чет өлкөдө кыргыз колоритин жайылткан Минавар

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 16:01

Минавар Алибаева Россияда эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибиздин бири. Ал кыргыздын улуттук оюлары түшүрүлгөн элиталык штор, төшөк-жууркан сыяктуу буюмдарды тигүү менен чет жерде кыргыз колоритин жайылтууда.

“ZAMAN.KG” маалымат агенттигинин “Жаратман” рубрикасынын каарманы Минавар айым чеберчилик шыбагасы кимден өткөнү, келечек планы, дегеле чебер дүйнөсү тууралуу ой бөлүштү.

Ал Россияда жети жылдан бери эмгектенет. Тигүүчүлүк өнөрдү кандайча аркалап калганы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

“Менин апам колунан көөрү төгүлгөн уз болчу. Таенем шырдак жасачу. Мен тикмечилик өнөрдү кичинекей кезимен эле үйрөндүм. Негизи башка тармакта иштесем деп ойлочумун. Бирок апам жаш эле 44 жашында бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Жасай турган иштер, алдыга койгон пландары аткарылбай калды. Апамдын ишин улантуу үчүн тигүүчүлүктү тандап алдым. Апам дагы сенден жакшы тигүүчү чыгат деп көп айтчу. Москва шаарындагы дизайнердик студияны бүтүрдүм. Дизайнер- кесибине ээ болгом”,-деди.

Каарманыбыз тиккен буюмдарын социалдык түйүндөр аркылуу жарнамалайт. Негизги кардарлары – Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер, түрдүү улуттун өкүлдөрү.

Ал жакынкы аралыкта Кыргызстанда жаңы ишкана ачууну пландап жатканын кошумчалады.

“Мүмкүнчүлүк болгонуна карабай атайын бул жактын жарандыгын албадым. Жакынкы аралыкта өз өлкөмө барып чакан ишкана ачууну пландап жатам. Кыргызстанда эле жашагым келет”,-дейт ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!