26-сентябрь: Кыргызстандын аймагында күн ачык болот

26-Сен. 2017, Шейшемби, 09:35

Бүгүн, 26-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;

Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Баткен дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +18...+23;

Бишкек шаарында 26-28-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +20...+22 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!