Насыпбек уулу: "Бейтаптар оорусун жаап-жашырышат"

28-Сен. 2017, Бейшемби, 11:56

Бүгүнкү “Каарман” рубрикабыздын коногу жаш хирург Азамат Насыпбек уулу «Zaman.kg» сайтына өзүнүн пикирин бөлүштү.

Каарманыбыздын кичи мекени Нарын облусунун Кочкор районунун Ара Көл айылы болот.

Анын айтымына ылайык, ал мектепте окуп жүргөн кезде эле биология сабагы боюнча облустук олимпиядага чейин катышып, ийгиликтерге жетише алган. Жаш хирургдун мына ушундай жеңишке жетишкендиктерин көргөн биология сабагынан берген агайы, ага келечекте врач болууну сунуштап, Кыргызстанда врачтардын да кадыр-баркы жогору болуп жана жакшы бир кесиптердин бирине айланаары тууралуу насааттарын айткан. Ошентип ал врач болууну чечип, учурда жолдомо аркылуу Талас облусунун Манас районунун Покровка айылындагы ооруканага барып, ички органдар боюнча хирург болуп эмгектенип жаткан маалы.

Жаш хирург Азамат өзүнүн кесибин жакшы көрөт. Ал Кыргызстанда медицина бир топ эле өнүккөн айтып, бейтаптар ишенишсе болоорун билдирет... (Азамат Насыпбек уулу сүрөттө оңдо)

“Бардык эле кесиптин бир түйшүктөрү болгон сыяткуу врачтардында өзүнүн түйшүктөрү бар. Врач болуш эле оңой эмес. Сырттан караган кишиге бейтаптарды карап, дары жазып, укол сайып же операция кылып коюу менен гана иш бүтүп калгандай сезилет. Бирок, такыр андай эмес. Ар бир бейтаптын эмнеси ооруп жатканын жакшы аңдап билиш керек. Бул өтө маанилүү. Ошондуктан биз ооруп жаткан адамды операция кылаардан мурда анализдерин карап, талдап туруп анан операцияга бейтапты алабыз. Эгер ишиңде бир шалаакылык кылсаң, анда бейтап операцияны көтөрө да албай калышы толук мүмкүн. Ошондуктан биздин иште тактык башкы маселе жана бейтаптын кайсы жери ооруйт жана кайсы жери мурда ооруган, мунун барын ийне-жибине чейин билүүбүз шарт. Бирок, эң өкүнүчтүүсү биздин бейтаптардан кайсы жери ооруйт же ооруганын сурасаң уялып, тартынып, айрым ооруларын жаап-жашырып да коет. Бул туура эмес. Тескерисинче, алар врачтарга болгон нерсени айтса, врачтарда бейтаптарыбыз эмнеден жабыркап жаткандыгы боюнча диагностика коюуда көп кыйналбайт эле”,- дейт Насыпбек уулу.

“Биздин жарандар көбүнчө өз алдынча (туугандарынын кеңештери же интернеттеги маалыматтар боюнча) дарыланып, табыптарга жана элдик дарыгерлерге барып көрүнүшөт. Анан ал жактан эч бир пайда чыкпай, ордунан тура албай, өлөйүн деп калганда гана больницага келишет. Бизге келгенде бейтаптарыбыз өздөрү убагында келбегени аз келгенсип, кыял-жоруктарын бизге көрсөтүшөт. Башкача айтканда, бейтаптарыбыздын анализи чыкканча, бизди врачтар карабай жатат деп жогорку кызматтагы туугандарына, тааныштарына айтып же биз эч нерсе дей электе эле "баланчанын баланчасы болом" дегенди айтып мактанышкандарын угасың. Бейтаптарыбыздын мындай жоруктары бир гана мага эле эмес, жалпы эле кесиптештериме жакпаса керек. Анткени, бейтаптарыбыз бул жоруктары менен кишинин нервин гана бузканы болбосо, эч кимге эч кандай пайдасы жок экенин айткым келет. Врачтар орус, кыргыз же бай, кедей деп эч кимди бөлбөйт. Ооруп жаткан адамдын баары эле жакшы болуп кетиши үчүн биз колубуздан келген нерсени кылып, жакшы мамиле жазайбыз. Бирок, аны түшүнө бербегендер да бар. Андан сырткары бейтаптарыбыз бизге акыл-кеңеш берип, өткөндө бир элдик дарыгерге барса бир дары берген экен, ошону ичип эле баланча таанышыбыз жакшы болуп кетти эле же менин баланча жерим ооруп жаткан жокпу деп өз оюн бербейт. Бул врачтарга ишенбей жаткандай таасир калтырат. Айрым адамдар врачтарга караганда, элдик дарыгерлерге көп ишенет. Туура, элдик дарыгерлердин берген дарысы жаңы башталып жаткан айрым ооруга кайсы бир деңгээлде өз таасирин берип, бейтап жакшы болуп кетиши мүмкүн. Бирок, андай учурлар өтө эле аз. Ошондуктан бейтаптарыбыз врачтарга гана кайрылса. Анткени, бизде медициналык жабдыктардын эскилиги гана жеткени болбосо, негизинен медицина бир топ эле өнүккөн, ишенишсе болот”,- дейт жаш хирург.

“Ошондой эле бейтаптардын ичинен айрыкча кыргыздар ден соолукка көңүл көп бөлбөйт. Анысы аз келгенсип, дарыланып чыккандан кийин мындай кылбаңыз деп айткан сөздөрүндү укпайт же бат эле унутуп калышат. Ал эми башка улуттар болсо, кичине эле бир нерсе болсо врачтарга кайрылышат. Негизи эле адамдар ден-соолуктарына көңүл буруп, врачтардын сөзүн укса эле ар кимдин өзүнө эле жакшы болмок. Мисалы, бизге келген ар бир бейтап сакайып, ырахматтын айтышканда врачтардын оор иши алардын бир сөзү менен гана жуулуп кетет. Бизге ошол гана керек. Бир караганда врачтар бала кыял болушат. Анткени, бир ырахмат деген сөз үчүн ишинин оор экенин унутуп калат”,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!