29-сентябрь: жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

29-Сен. 2017, Жума, 10:10

Бүгүн, 29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +6...+11;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14;

Бишкек шаарында 29-30-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.

Ал эми 30-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!