Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгы менен байланыштыруучу жол көчкүдө калып, КРнын өкмөтү тарабынан жаңы жол курулду. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Рахманалы Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жолдун сметалык баасы 10 миллион сомду түзгөн. КРнынөкмөтү тарабынан Майлуу-Суу Маданият автоунаа жолу 2016-жылы 3 киллометр, ал эми 2017-жылы 2 километр толук асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
"Андан сырткары "Мега мастер плюс" жеке менчик ишканасы курулуп, азыркы күндө ташты кайра иштетүүдөн күнүнө 1 тоннага жакын гипс, алебастр чыгууда. Долбоордун алкагында донорлор тарабынан Майлуу-Суу шаарынын № 76 кесиптик лицейин чатыры толугу менен жана аудиториясы капиталдык ремонттон өттү. Анын сметалык баасы 4,1 миллион сомду түздү. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарынын колледжине проект аркылуу 25 даана компьютер алынды. Анын сметалык баасы 950 миң сом болду.Андан сырткары шаар аймагына заманбап азык-түлүк мега дүкөнү курулду"-дейт ал.