Баатырлардын кийимин жасап баар тапкан Жаныбек

5-Окт. 2017, Бейшемби, 12:27

Жашоодо ийгиликтерге жеткен көп адамдар бар жана ага жетүүнүн жолдору да көп. Буга мисал катары ийгиликти изденген Жаныбек Шакиров көп акча табуунун жол-жобосун издештирип, билим алганын айтууга болот. 34 жаштагы каарманыбыз "Zaman.kg" маалымат агенттигине тери иштетүү өнөрүнүн азыркысы жана келечеги боюнча өзүнүн пикирин бөлүштү.

Мээнеткеч каарманыбыз үйүндө отуруп алып, жакшы акча табуунун жолун өздөштүрүп алган.

“Мен өзүм Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан болом. Орто мектепти аяктаган соң, борбор калаадагы Чүйков атындагы сүрөт окуу жайына тапшырып, бул жактан билим алып чыккандан кийин эле ушул окуу жайда иштеп калдым. Азыр да аталган окуу жайда эмгектенип жатам. Андан сырткары мен бала кезимден бери тери менен иштегенди жактыргандыктан учурда тери иштери менен алектенем. Так айтканда учурда териден баатырлардын илгерки зоот кийимдерин жана ар кандай үлгүдөгү заманбап сумкаларды тигип сатам. Бирок, териден тиккен өз продукциямдын баарын интернет аркылуу сатып, интернеттен буюрма алам. А негизин кол өнөрчүлүктү атамдан үйрөндүм десем болот. Анткени, атам турмуш-тиричилик тейлөө комбинатта бут кийим ултарып иштегендиктен, анын терилерин алып барып эле тигип, жардамдашып жүрчүмүн”,- дейт Шакиров.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда териден тигилген кийим, сумка, кур, бычак салуучу кын жана башка буюмдарга болгон элдин кызыгуусу күндөн-күнгө көбөйүп, суроо талап да күч алып жаткан кези. Анын колунун жаралган буюмдардын көпчүлүгүн шоу чөйрөсүндө жүргөн адамдар, манасчылар жана кызмат адамдары сатып алат.

Ошондой эле каарманыбыз тиккен зоот киймдеринин баасын 15 миңден 70 миң сомго чейин бааласа, сумкалардын баасын чоң-кичинесине карата 3 миңден 10 миңге сомго чейин баалап сатат.



“Ар бир иштин өз түйшүгү бар эмеспи. Териден зоот кийим тигүү үчүн буюртма берүүчүнүн оюн жакшылып түшүнүп, анын оюн угуп, анан ошого жараша кийим тигип баштайм. Анткени, зоот кийим адамдын денесине түз отуруп, ага ыңгайсыздык жаратпашы үчүн туура өлчөп алып тигүү керек. Кардарларыбыздын талабына ылайык, зоот кийимдерди каалаган өңдө боеп да берем. Ал эми бир сумка же бир зоот кийимди түгүү үчүн анын жөнөкөй жана татаалыдыгына жараша убакыт кетет. Мисалы, жөнөкөй сумкага 2 күн убакыт коротсом, татаал сумкага 4-7 күнгө чейин убакыт кетет. Ал эми зоот кийимге 15 күндүн тегерегинде убакыт коротом”,- деди ал.


“Мен бизден чыгарылган жана чет өлкөдөн келген даяр терилерди сатып алып, колдогом. Негизинен чет өлкөдөн келген кой менен уйдун терилери биздикине салыштырмалуу жука болот. Бизде деле жука терилерди чыгарганы менен сапаты анча жакшы эмес. Бирок, эң өкүнүчтүүсү биз тери өнөрчүлүгүн жоготуп алышыбыз мүмкүн. Анткени, азыр тери ишин түшүнгөнү, түшүнбөгөнү да бат акча табуу максаттында теричилик менен алектенишүүдө”,- деп кошумчалады каарманыбыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!