6-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

6-Окт. 2017, Жума, 10:15

Бүгүн, 6-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13;

Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-4, күндүз +7...+12;

Бишкек шаарында 6-8-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +11...+13 градус жылуу болот.

Ал эми 7-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!