Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

7-Окт. 2017, Ишемби, 13:06

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов «Zaman.kg» маалымат агентигине билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жол кырсыктын себептерин аныктоо үчүн техникалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды. Ошондой эле окуя болгон жерде Чүй ОИИБнын жанан ИИМдин ыкчам тергөө тобу тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза-кодексинин 28-беренеси (Жол коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иш козголду.

«Кырсыкка кабылган КамАЗдын айдоочусу 1992-жылы туулган Чүй облусунун тургуну экен. Ал Бишкекти көздөй буудай тартып келе жаткан. Окуя болгон жерде ал айдоочуну жергиликтүү медицина кызматкерлери жана Бишкектен дагы анын спирт ичимдигин ичип-ичпегендигин атайын текшергенде, ал соо болуп чыкты. Жол кырсык эмнеден улам келип чыккандыгы боюнча кошумча маалымат тергөөнүн жыйынтыгы менен берилет»,-дейт Сейитов.

Эскерте кетсек, бүгүн таңкы саат 7:30дарда Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен улам алган жаракатынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу каза болгон.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!