Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

7-Окт. 2017, Ишемби, 16:20

Бүгүн, 7-октябрда президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өлкөнүн социалдык, экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев мамлекеттик муниципиалдыкк кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, маданияттын өкүлдөрүнө, спортчуларга жана спорт жаатында эмгектенген машыктыруучуларга, билим берүү жана илим тармагында иштеген мугалимдерге, дарыгерлерге, ошондой эле дин өкүлдөрүнө ар кандай даражадагы “Манас” ордени, “Достук” ордени, “Даңк” медалы тапшырылды. Мындан сырткары эмгек сиңирген мугалим, эмгек сиңирген дарыгер, эмгек сиңирген артист наамдары, ошондой эле Ардак грамоталар берилди.

Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө өлкө башчысы президенттик шайлоо боюнча маселеге да кайрылып, “Мен Темир Жумакадыров сыяктуу каза болуп эле калбасам, алдыдагы шайлоонун таза өтүшү үчүн бардык аракетимди жумшайм”, - деп билдирди.

Алмазбек Атамбаев буга катар эле өлкөдө туруктуулук жана тынчтык керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн таңкы саат 7:30дарда Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен улам алган жаракатынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу каза болгон.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!