10-октябрь: аба +23 градуска чейин жылыйт

10-Окт. 2017, Шейшемби, 10:05

Бүгүн, 10-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалды багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23;

Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21;

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +14...+19;

Бишкек шаарында 10-12 октябрда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +19...+21 градус жылуу болот.

Ал эми 11-12-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!