“Чоң энелердин биримдиги” (фото)

10-Окт. 2017, Шейшемби, 16:34

Карыяларга кам көрүү үчүн жарыяланган бир айлыктын алкагында апалардын колунан жаралган эмгектердин көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

Иш-чара ADRA эл аралык уюмунун көмөгү менен борбор калаадагы ГУМ соода борборунда ачылган. Анда 300дөн ашуун улгайган аялдардын колунан жаралган кийим-кече, буюм-тайымдар эмгектер сатылып жатат. Бул иш-чара карыяларды колдоо иретинде уюштурулган. Аталган соода борбор карыялар үчүн акысыз орун, башка керектүү шарттарды түзүп берген. Күнүнө орто эсеп менен 200 чакты киши апалардын жасаган буюмдарына кызыгып келип жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!