Акенеев: Чек арадагы көзөмөл убактылуу гана көрүнүш

11-Окт. 2017, Шаршемби, 15:16

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында казак тарап көзөмөлдү күчөтүүсү бул убактылуу гана көрүнүш. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда «Zaman.kg» маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев билдирди.

Эксперт, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктарында казак тараптын көзөмөлдү күчөтүүсүн Кыргызстандагы өтө турган президенттик шайлоого байланыштырып, эки өлкөнүн ортосундагы чек араны эч ким жабууга укугу жок экенин жана экономикага эч кандай зыян алып келбестигин айтат.

«Биринчиден казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын казак тарап толук жапкан жок. Учурда чек арадагы өткөрүү пункттарында жүктөр жана жүргүнчүлөр өтүп жатат. Так айтканда, кыргыз тараптан чек ара көзөмөлүнөн чектөөлөр коюлган жок. Бир гана казак тараптан жүргүнчүлөр жана жүк жайыраак өтүүдө. Бирок, мындай көрүнүш убактылуу гана көрүнүш. Анткени, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин эч кимдин чек араны жабууга укугу жок. Ошондуктан биз чек арадагы посторду алганбыз. Ага ылайык эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттер жабылбайт. Себеби, бул боюнча тиешелүү эрежелерге кол коюлган. Экинчиден бизде президенттик шайлоо өткөнү жаткандыктан, буга байланыштуу эл аралык практика боюнча ар бир мамлекет чек арасын көзөмөлгө алышат. Ошондуктан бизде президенттик шайлоо өткөндөн кийин кыргыз-казак чек арасындагы абал бир-эки жуманын ичинде өз калыбына келет. Мындан улам бизге экономикалык жактан зыян алып келет деп коркпой эле коюшубуз керек»,- дейт Акенеев.

Фото: Sputnik Кыргызстан

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!