15-октябрь: айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт

15-Окт. 2017, Жекшемби, 09:22

Бүгүн, 15-октябрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;

Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;

Баткен дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +13...+18;

Бишкек шаарында 15-16-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +20...+22 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!