Кыргызстанда жашылча-жемиштин баасы кымбаттайбы?

17-Окт. 2017, Шейшемби, 14:23

Бишкектин базарларында картошка, пияз жана капуста сыяктуу жашылча баасы кымбаттап, картошка былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге наркы жогорулады.

Бишкек шаарынын тургуну Жайнагүл Жумабекова жашылча-жемиштердин баасы кескин кымбатташы калктын капчыгына оордук келтирип жатканын айтат.

«Мен Ош базарында картошканын баасы кымбаттап кеткенине кейип турам. Качан эле күздө биздеги базарларда картошканын бир килограммы 25 сомго чыкчу эле. Өткөн жумада эле картошка 20 сомдун тегерегинде болуп жаткан. Быйыл күздө эле картошканын баасы 25 сом болуп жатса, кыш менен жазда кантебиз»,- дейт Жумабекова.

Ал эми Ош базарында соода кылган соодагерлердин айтымына караганда, акыркы бир жуманын ичинде эле картошка жана пияздын баасы 2 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле быйыл Кыргызстандын азык-түлүк базарында жашылча-жемиштердин баасы түшпөй, кымбат баада сатылууда.

Ушул күндөрү Бишкекте картошканын бир килограммы 20–25 сомдун, пияз 20 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Сабиздин баасы 25-30 сом. Мындай абалды Айыл чарба министрлиги жашылчаны коңшу өлкөлөргө экспорттоо күч алгандыгына байланыштуу жашылча-жемиштердин баалары кымбат болуп жаткандыгы менен байланыштырды.

Айыл жана суу чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анара Беккулиеванын айтымында, жашылча-жемиштердин ичинен картошка жана пияз экспортко көп кетип жаткандыгына байланыштуу баа көтөрүлүшү мүмкүн.

“Жашылча-жемиштин кымбат болуп жатышы экспортко байланыштуу болууда. Азыр пиязды 12-15 сомдун айланасында дүңүнөн сатып жатышат. Бул орточо баа. Ал эми картошка 20-25 сомдун тегеринде болууда. Булар Казакстанга, Россияга жана Өзбекстанга кетип жатат. Билесиздер буга чейин картошка Өзбекстанга аз гана көлөмдө кетчү. Азыр Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле жакшыргандыгына байланыштуу бул коңшу өлкөгө да картошка көп көлөмдө кетет деген ойдобуз. Ошондуктан баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок, өзүбүзгө картошка жетиштүү деңгээлде бар. Ошондой эле дыйкандардын көбү жашылча-жемиштин баалары көтөрүлөт деген максатта жашылчаларын атайын сактоочу жайларына киргизип жатышат. Бул дагы баалардын көтөрүлүшүнө себеп болууда”,- дейт Беккулиева.

Ал эми “Zaman.kg” маалымат агентигинин кабарчысынын мониторинги боюнча 17-октябрга карата көлөмү жана сортторуна жараша негизги сезондук жашылча-жемиштерге болгон баа төмөнкүдөй болду:

1. Помидор – 1 килограммы 15-20 сом;

2. Бадыраң – 1 килограммы 75-85 сом;

3. Болгар калемпири – 1 килограммы 25-30 сом;

4. Баклажан – 1 килограмы 25-30 сом;

5. Капуста – 1 килограммы 20-30 сом;

6. Сарымсак – 1 килограммы 110-120 сом;

7. Картошка – 1 килограммы 25-30 сом;

8. Пияз – 1 килограммы 15-20 сом;

9. Трүп – 1 килограммы 25-30 сом;

10. Сабиз – 1 килограммы 20-25.






Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!