25-октябрь: күн ачык болот

25-Окт. 2017, Шаршемби, 10:02

Бүгүн, 25-октябрда түнкүсүн ала булут каптап, кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +10...+15;

Бишкек шаарында 25-27-октябрга чейин ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +12...+14 градус жылуу болот.

Ал эми 26-октябрда ала булут каптап, кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде туман түшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!