26-октябрь: тоо кыркаларында жаан-чачын болот

26-Окт. 2017, Бейшемби, 10:07

Бүгүн, 26-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан-чачын болот, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +10...+15;

Бишкек шаарында 26-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +13...+15 градус жылуу болот.

Ал эми 7-октябрда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!