Караколдогу сейил бактагы био ажаткананы оодарып кетишти

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:11

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы River Park сейил багына орнотулган био ажатканы кечээ түнү белгисиз бирөөлөр оодарып салышкан. Аны менен бирге аталган жайдагы тосмону сындырып кетишкен.

Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, буга карата шаардык мэрияга милиция кызматкерлери менен биргеликте күнөөлүү адамды табуу жана аны жазалоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Караколдогу "Каракол River Park" сейил багы ушул жылдын сентябрь айында ачылган. Аталган парктын курууну «Каракол Дестинациясы» коомдук уюму демилгелеп, шаардын мэриясы менен биргеликте ишке ашкан. Ошондой эле Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси тарабынан каржыланган.

Фото: Азамат Айтбаев

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!