3-ноябрь: тоолордо кар жаашы күтүлөт

3-Ноя. 2017, Жума, 08:50

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда бүгүн өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15 күндүз 17…22

Ысык-Көл областында түнкүсүн 2…7 күндүз 13…18

Нарын областында түнкүсүн -3…+2 күндүз 14…19

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 күндүз 16…21

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13 күндүз 21…26

Баткен областында түнкүсүн 7…12 күндүз 20…25

Бишкек шаарында 3-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан-жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 күндүз 20…22 жылуу болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!