14-ноябрь: тоолуу райондордо жаан жаайт

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:22

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16;

Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +0...-5, күндүз +10...+15;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +8...+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +6...+11;

Бишкек шаарында 14-ноябрда жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. 16-ноябрда күндүз жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!