20-ноябрь: күн ачык болот

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 09:36

Бүгүн, 20-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз +5...+10;

Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз +5...+10;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +8...+13;

Баткен дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +7...+12;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3;

Бишкек шаарында 20-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +7...+9 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!