23-ноябрь: аба +19 градуска чейин жылыйт

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:42

Бүгүн, 23-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +12...+17;

Талас дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +12...+17;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +14...+19;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...-5, күндүз +7...+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз +4...+9;

Бишкек шаарында 23-25-ноябрда күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +0...+2, күндүз +14...+16 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!