24-ноябрь: аба +20 градус жылуу болот

24-Ноя. 2017, Жума, 09:42

Бүгүн, 24-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +15...+20;

Талас дубанында түнкүсүн +0...-5, күндүз +15...+20;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +15...+20;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +8...+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз +3...+8;

Бишкек шаарында 24-25-ноябрда күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +0...+2, күндүз +18...+20 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!