29-ноябрь: жаан-чачын болбойт

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:43

Бүгүн, 29-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1 күндүз +8...+11;

Талас дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз +6...+11;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +8...+13;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз +1...+6;

Бишкек шаарында 29-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +0...-2, күндүз +10...+12 градус жылуу болот.

Ал эми 30-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир районунда кар жаайт
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!