Жыныстык жол менен ВИЧ жугузгандар көбөйдү

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:22

ВИЧ менен ооругандардын арасында жыныстык жол менен жуктуруп алгандар көбөйдү. Бул тууралуу Ош облусттук “СПИДди алдын алуу жана күрөшүү” борборунун директору Эльмира Нарматова билдирди. Анын айтымында, ВИЧ инфекциясы 3 жол аркылуу жугат.

“ВИЧ инфекциясы иммундук клеткаларды азайта турган вирус болуп эсептелет. Бул ооруга чалдыкканда организмдеги иммундук клеткаларды вирус кирип, өлтүрүп, иммундук клеткалар азайган сайын адам башка ооруларга туруштук бере албай калат. Алсак, кургак учук, пневмония, онкологиялык оорулар жана башка. Ошол себептүү 4 стадияга жетип каза болушу мүмкүн. Бирок, азыркы мезгилде 2005-жылдан бери ВИЧти өнөкөт ооруга айланды деп айтып келебиз. Себеби дарыланууга болгону менен бул вирусту жок кыла албайт. Вирусту азайтканга бир калыпта кармаганга өбөлгө түзөт. Дарылоо канчалык эрте башталса, башка оорудан сактанууга болот. Ал эми ВИЧ үч жол аркылуу жугат. Медициналык мекемелерде шаймандар таза болбосо, баңги затты ийне аркылуу колдонгондо, жыныстык катнаш аркылуу, энеден (эгер эне ВИЧ илдетин алып жүрсө) балага жугат. Булардын ичинен жыныстык жол аркылуу жуккандар көбөйдү”,-деди Нарматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын саны быйылкы тогуз айда 7 миң 339ду түзөт. Анын ичинде балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 589 чамалуу.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!