30-ноябрь: айрым жерлерде кар жаайт

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:44

Бүгүн, 30-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1 күндүз +3...+8;

Талас дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +4...+9;

Баткен дубанында түнкүсүн +0...-5, күндүз +3...+8;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз +0...+5;

Бишкек шаарында 30-ноябрда ала булут каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +0...-2, күндүз +5...+7 градус жылуу болот.

Ал эми 1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болот. Күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 2-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болот.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!