Көмүрдүн баасына көзөмөл барбы?

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:15

Күз мезгили аяктап, аба ырайы акырындык менен сууктап бара жатат. Мындан улам Кыргызстанда көмүргө керектөө жогорулап, анын баасы кымбаттоодо.

Нарын шаарынын Асылбек Багышов аттуу тургунунун айтымында, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу көмүрдүн баасы бир кыйла жогорулаган.

«Нарындын кышы өтө суук жана узак убакытка созулгандыктан, анын үстүнө балдарым азыр кичине болгондуктан жыл сайын көмүр сатып алабыз. Базарга көмүр алганы барсам, көмүр алып келип саткандар бир тонна көмүрдү 4000-4500 сом деп жатышат. Бирок, биз үчүн көмүрдүн баасы бир топ кымбат болуп жатат. Кымбаттыгына карап албай коеюн дейин десем балдар ооруп калат. Алайын дейин десем, өзүмө жетиштүү көлөмдө көмүр ала алчудай эмесмин. Себеп, үй-бүлөм менен кыштан жылуу чыгыш үчүн 3-3,5 тонна көмүр керектейм. Мүшөктөп алсам деле болмок, бирок аз-аздан алсаң бекердин тузу татыбайт дегендей эле кеп да. Анын үстүнө бир кап көмүрдүн баасын 250 сом болууда. Азыртадан эле көмүрдүн баасы кымбат болууда, жазда кантебиз?»,- дейт Асылбек.

Ошондой эле ал мамлекет тарабынан көмүргө болгон баанын көзөмөлгө алынбай жатышын айтып нараазы болду.

Ал эми өлкө аймагында көмүрдүн баасы канча болуп жаткандыгын билүү үчүн жергиликтүү тургундардан сураштырганыбызда, баа бирдей эмес экендиги белгилүү болду. Мисалы, Каракол шаарында жашаган жергиликтүүлөрдүн айтымында, Миң-Куштан келген көмүрдүн баасы 4500 сом болсо, Шабыркулдан алынып келинген көмүр 7000 сомго чейин сатылууда. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагында болсо көмүр кымбаттыраак. Баткенде тоннасы орточо 8-8,5 миң сомго же бир килограмм көмүрдүн баасы 9 сомго чыккан. Ошто болсо бир килограмм көмүр болжолдуу 10-12 сом болууда. Ал эми борбор калаа Бишкекте бир кап көмүр 250-300 сомдун тегеринде сатылууда.

Ошол эле учурда мамлекеттик ишкана казылган көмүрдү жеринде 1250 сомдон сатып жатканын билдирүүдө.

«Кыргыз өкмөттүн 16-ноябрында көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча кабыл алынган №745 токтомуна ылайык, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишкансы Кара-Кечедеги көмүрдүн баасын 1250 сомго чейин төмөндөттү. Аталган ишкана калкты үлгүлтүксүз көмүр менен камсыздап жатат. Тактап айтканда күнүгө 200дөн кем эмес унаа көмүр чыгып жатат. Жылытуу мезгилинде көмүргө болгон тартыштык болбойт жана үзгүлтүк жаралбайт»- дейт «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын техникалык директору Валерий Бобров.

Ошондой эле өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымына караганда, бул өрөөндүн баардык аймактарында бир тонна көмүрдүн баасы 3 миң 500 сомдун тегерегинде сатылууда. Көмүргө болгон тартыштык жок.

«Нарын шаарында калаа башчы тарабынан тоннасы 3 миң 200 сомдон үч жерде көмүр сатылууда. Бул боюнча облустук канал аркылуу көрсөтүп жатабыз»,- деди ал.

Ал ортодо өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү Нарын шаарындагы борбордук базарда жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасын жөнгө салынууда деп аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Андагы билдирүүгө ылайык, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизовдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаардык мэриясы жана Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү тарабынан 27-28-ноябрда базарда көмүр саткан жеке ишкерлер менен жеринде жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжада 250 сомдон сатылып жаткан 1 кап көмүрдүн баасы 200 сомго түшүрүлгөн.

Ал эми Өкмөткө караштуу Монополияга жөнгө салуу агенттигинин Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Эмил Мажитов жергиликтүү маалымат булактардын бирине билдирген маалыматтында, ал өкмөттүн ноябрь айындагы кабыл алган токтомунун негизинде көмүр баасына мамлекеттик чектөө киргизгенин айтат.

«Баткендин аймактарында эң кымбат көмүрдин бир килограммы 8-8,5 сомдон ашпоосу керек. Ал эми эң арзаны 5,5-7 сомдон ашпашы зарыл. Өкмөттүн токтомдун негизинде киргизилген чектөө баасы 90 күнгө гана күчүндө турат. Эгер көмүр баасы көрсөтүлгөн баадан жогору коюлса анда аларга 100 миң сомго чейин айып пул салынат»,- деген ал.

Бул маселеге экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев токтолуп, ал көмүргө болгон баанын көтөрүлүп жатышынын себеби аба ырайынын сууктап баратышынан улам сатып алуучулардын көбөйүшү менен бирге сырттан көмүр келбей жатышы менен байланыштырды. Бирок, мындай көрүнүш көпкө созулбастыгын белгилейт. Ошондой эле көмүргө болгон баанын түшүрүү үчүн же бааны жөнгө салып сактоо үчүн чектөө киргизбестен, мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасынын шартына жараша көмүрдүн баасын бираз ылдыйлатса, анда жеке менчик ишканалар да мамлекеттик ишкананын сатыкка чыгарган көмүрдүн баасына теңдемек. Андан сырткары Россиянын көмүрлөрүн вагондор менен ташып алып келсек, бул да көмүрдүн баасын арзанга түшүрмөк деген пикирде.

«Кыргызстандын түштүгүндө көмүрдүн баасы кымбат болуп жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, түштүк жергесинде көмүрдү жердин астынан бир канча метр тереңдиктен казылып алынгандыктан, чыгым көбүрөөк сарпталат жана адамдын өмүрүнө коркунуч алып келүүчү тобокелчиликтер да бар. Ошого жараша баасы да жогору коюлат. Экинчиден бул аймакка Кабак бассейнинен казып алынган көмүрдү жеткирүүдө, транспорт каражатына да бир топ акча сарпталат. Ал эми өлкөнүн түндүгүндөгү Кабак бассейнинен көмүр жердин үстүнкү катмарынан сузулуп алынат да, ага чыгым азыраак коройт. Ошондуктан түндүктө түштүккө салыштырмалуу көмүрдүн баасы арзан. Бирок, Кара-Кече аркылуу өтүүчү темир жол курулса, анда Кыргызстанда көмүргө болгон баалар кескин түрдө кыскармак»,- дейт Акенеев.

Белгилей кетсек, көмүрдүн баасынын өсүү темпин басуу жана калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында Өкмөт тарабынан 2017-жылдын 16-ноябрында №745 токтому кабыл алынган. Анын негизинде өлкө аймагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлөт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!