Аксессуар жасаган айым

03-03-2017

Акыркы убактарда жаштар арасында ойлоп табуучулук өнөрү өнүгө баштады. Алар көбүнчө элибиздин улуттук буюм-тайымдарына заманбап жасалга берүү менен көөнө буюмдарга “экинчи өмүр” тартуулоодо. Мурда кыз-келиндер тагынчу зер буюмдарды көбүнчө мырзалар жасап келсе, акырындык менен бул өнөрдү айымдар да өздөштүрө баштады. Азем аксессуарларды этно стилде жайылтууга аракет жасаган зергерлердин бири - Назгүл Эсенгулова бизде конокто.

Зергер айым бул ишти баштаганына жарым жыл болгонун айтат. Өзүн дасыккан зергер катары көрбөсө да, негизинен сөйкө, моюнга тагынчу шуру-мончок, билериктерди этно стилде жасайт. Жакында улуттук орнамент менен кооздолгон курларды жасоого белсенип жатыптыр.

“Бул ишти адегенде баштаганда үлгүлөрүн интернеттен карачумун. Азыр болсо өзүмдүн фантазияма жараша ойлоп, башкаларга окшошпогондой өзгөчөлүктө жасагым келет. Кайсы бир зер буюмду жасаарда алдын ала кагазга көп түшүрө бербейм. Столдун үстүнө ар кайсы таштарды тизип алып бири-бирине айкалыштырып көрөм. Ар бир буюмдан бирден же экиден эле нуска жасайм. Баарына Индия, Москва шаарларынан алынып келинген сапаттуу таштарды чөгөрүп жасаганга аракет кылам. Өзүм аллергетик болгондуктан, адегенде тагынып көрөм. Адамдын денесине зыян келтирбеген нукура таш, металлдарды колдоном”,-деди.

Назгүлдун кесиби англис тилчи. Андан кийин саясат таануучу жана эколог адистиктерине да ээ болгон. Зергерчилик өнөрдү эң оболу киреше табуунун булагы менен, мурдатан искусствого кызыгып жүргөндөн жаралган хобби деп эсептейт.

“ Мурдатан бери эле көркөм искусствого кызыгып жүрчүмүн. Бир нече кийимдердин дизайндарын ойлоп тапкам. Алардын бир-экөөсүн биздин дизайнерлер чыгарышты. Тумар деген ат менен белгилүү болгон бренддин дизайнын мен жасап бергем. Бара-бара зергерчилик жагын да карап көрсөмбү деп аракет жасадым. Атам чоң атамдын зергер болгонун айтып калды. Чоң атам аттын куюшкан, жүгөн сыяктуу жабдыктарын жасачу экен. Балким зергерчилик өнөрү кандан өткөн”,-деди ал.

Зергердин колунан жаралган асем буюмдар азырынча социалдык тармактарда жарнамалат. Келечекте ал бул өнөрдү башкаларга үйрөтүү менен өндүрүшүн кеңейтүүнү максат кылууда.

“Азырынча буюртмалар жакшы эле болуп жатат. Кээде жетишпей калам. Өзүмдүн негизги жумушум бар эмеспи. Бош убакытта жасайм. Азырынча көп жарнамалай элекмин. Кардарлар айткан мөөнөттө бүтүрө албай калсам уят болуп каламбы деп социалдык тармактар аркылуу эле буюртмаларды алам. Келечекте бир гана кыргыздарга тиешелүү эмес, башка улуттардын да этникалык стилдерин камтысам деген максатым бар”,-дейт.

Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!