6-декабрь: суук аба ырайы өкүм сүрөт

6-Дек. 2017, Шаршемби, 09:56

Бүгүн, 6-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 күндүз +0...-5;

Талас дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +0...-5;

Баткен дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2;

Бишкек шаарында 6-декабрда жана 7-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. 7 декабрда күндүз жана 8-декабрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +0...-2 градус суук болот.

Ал эми 7-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй,Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. 7-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!