7-декабрь: -12 градус суук болот

7-Дек. 2017, Бейшемби, 10:03

Бүгүн, 7-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт, кээ бир райондорундо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 күндүз -1...+4;

Талас дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз +0...-5;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4;

Баткен дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;

Бишкек шаарында 7-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт, туман түшүшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +2...+4 градус жылуу болот.

Ал эми 8-декабрда жана 9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-декабрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!