8-декабрь: аба +15 градуска чейин жылыйт

8-Дек. 2017, Жума, 09:53

Бүгүн, 8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7 күндүз +10...+15;

Талас дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +5...+10;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +6...+11;

Баткен дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +6...+11;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...+1;

Бишкек шаарында 8-декабрда жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз +11...+13 градус жылуу болот.

Ал эми 9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-декабрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!