Чынар Капарова: "Адамды мамилеси сулуу кылат"

14-Дек. 2017, Бейшемби, 12:29

Коомчулукка кыргыз телесинде диктор катары жакшы таанымал, жумушта мыкты кызматкер,­ үйдө мээримдүү эне Чынар Капарова бизде конокто болуп журналисттик кесиптин ысык суугу менен бөлүштү.

-Өзүңүз туралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Мени коомчулук диктор катары тааныйт. Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, журналист адистигине ээ болгом. Теле алып баруучулук тушоом Кыргыз телерадио корпорациясында кесилген.

- Журналистик кесип сизди тандады беле же сиз журналистик кесипти тандадыңызбы?

- Журналистиканы мен өзүм тандагам. Бала кезимде эле телевизорду карап, Гүлшан Молдоева, Токтобүбү Шамырова эжелерди көрүп, алардай болуп телевизорго чыгып сүйлөөнү кыялданып жүрдүм. Бирок көгүлтүр экранга бактылуу, эң кыйын адамдар гана ишке алынса керек деп ойлоор элем. Телевизорго чыгуу бир кыялым болсо, дагы башка жагы жазуучулукту, ыр жазганды, макала жазып гезиттерге чыгууну каалаар элем. Мектеп курагымда эле бир нече макалаларым, ырларым райондук, облустук гезиттерге чыгып жүрдү. Гонорар алган учурларым менин эстен кеткис эскерүүлөрүм. Албетте өзүң мектеп окуучусу болсоң, анан да акча алып турсаң бактылуулук эмей эмне? Ошентип мектептин бүтүрүү классында окуп жүрүп журналист болуу чечимине келгем. Ата-энем талантымды баалачу. Бирок кыз балага журналист болбой эле экономика жагына баруумду сунуш кылышты. Бирок менин каалоо-тилегим күчтүүлүк кылып, Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырып, окууну кызыл диплом менен бүтүрдүм. Ошол окуп жүргөн студенттк учурумда эле 1-курстан тарта КТРКнын эшигин каккылай берээр элем. Адегенде “Балдардын” студиясына барып, 1-курста эле телевидение кандай экенин көрдүм. 2-курс болгонумда коммерциялык каналга практикага барып, 21 жашымда көрүнүктүү Кыргызбай Осмонов агай менен “Арноо концертти” алып барган 2-3 учурум эстен кетпейт. Анан албетте диктор катары программа окуп да калдым. Ошентип телевидение менен бирге эфир сырларын акырындык менен өздөштүрө баштагам. Анан 3-курс болгондо “Ала-Тоо” маалымат программасына практикага барып, ошол бойдон ошол редакцияда 18 жылга чукул иштедим.

-Сиз үчүн журналистика деген эмне?

- Журналистика менин көз карашымда, эң оболу – чыгармачылык, өнөр. Чыгармачылыкка шыктуулук жана талант өзгөчө маанилүү экени айтпасак да түшүнүктүү. Ошол эле учурда журналистиканы жашоонун илими катары кабылдасак да болот. Илим – жашоо, жашоо – биз! Демек, биз жөнүндө, биздин жашоо жөнүндө күнүгө жаңы маалыматтарды жазып, аны жайылтып, пикир топтоп жаткан бул - журналистика. Бизди, журналистиканын негизги максаты – эркин коомдо жашаган жарандарды так жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу деп үйрөткөн. Ошондуктан журналист коомдук кызыкчылыктын сакчысы катары сыпатталат. Журналистика ошол эле учурда чоң түйшүк. Мейли гезитте, мейли телерадиодо, же интернет сайтта иштебе журналистика өзгөчө оор, катаал кесип. Өзүмдүн кызматымды мисал кылсам, мени коомчулук диктор катары кабылдайт. Бирок мен журналист катары кадр сыртында бардык “кара жумуштарды” аткардым. Кабарчылык, редакторлук, чыгаруучулук, аналитикалык редакторлук, айтоор тележурналистикага тиешелүү бардык баскчытарды басып өттүм. Тез арада командировкага даяр турушуң керек, “жок бара албайм” дегенге укугуң чектелүү. Анткени журналистика эрежеге салынбаган тартипте иштейт. Түндө кырсык болуп кетсе, же дагы башка окуялар орун алса түнү менен иштегенде туура келет. Бизге күнү-түнү телефонду өчүрбөй кармап турууга буйрук да берилет. Бир окуя эске түшөт, бир күнү түнкү 3төрдө телефон шыңгырап, тез арада студияга келип калууга буйрук берилди. Барсам Ош окуясы болуп жатыптыр. Эч нерседен кабарым жок, канча адам өлгөнү, окуя эмнеден башталганы да белгисиз эле. Бирок түз эфирде тиешелүү адамдарга тиешелүү суроолорду берип отуруп өлкөдө эмне болуп жатканын билдим. Ал эми өлкөдө президенттик, же парламенттик шайлоолор болгондо балдарыңды камап коюп, ачка иштеген учурлар болгон. Мына ушундай ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү кызматта иштеп, тажрыйба топтогонума ыраазымын. Коом, башкаруу өзгөргөн сайын журналистика да чукул бурулуштарды баштан кечирүүдө. Өлкөбүздө болгон тарыхый окуялар буга күбө. Азыр журналистика эмне десеңиз эле, бул ушак, бул каралоо, бул мазактоо деген пикирлерди да угуп калабыз. Мындай ой-пикирдин жаралышына журналисттер да күнөөлүбүз. Аша чаап мазактоо, же аша чаап мактоо өзгөчө орун алган учурдарды көрдүк. Сөз эркиндигине ээ болдук дегенибиз менен, масссалык маалымат каражаттарынын кимдин бирөөгө көз каранды экенин жакшы билебиз. Бир жагынан карасаңыз оозубузга, ойубузга келгенди жазып кимдир бирөөнүн буйурутмасын аткарып жатабыз. Сындоонун да, сыпаттоонун да чеги, далили болушу керек. Журналистиканын негиздери боюнча окутуп жатканыбыз ишке ашырылбайт.

-Алгачкы эфирге чыккан күнүңүз эсиңиздеби, кандай сезимдер болгон?

-Бул суроо мага дайыма берилип турат. Албетте, жашооңдогу алгачкы окуялар эсиңде сакталып калат эмеспи. Ошол эле мектеп босогосун алгач аттаган күнүң, мектепти бүтүргөн күнүң сыяктуу алгачкы эфир дагы менин көз алдымда али да тартылып турат. “Эфирге чыгууга даярсынбы?” деп сураганда мен дароо “Даярмын!” деп жооп берген элем. Ошондо жетекчибиз анда эртең түз эфирге чыгасын деген. Түнү менен толкунданам, улам эфирге чыгып жаткан учурларым көз алдыма тартылат. Айтоор таңды толкундануу менен тосуп алып, эртең менен апам менен кийим тандап, чачты жасалгалоого жөнөп калдык. Ошентип, 1997-жылы алгачкы жолу “Ала-Тоо” маалымат программасын алып баргамын. Ошондон тарта бул программанын туруктуу алып баруучусуна айландым. Алгачкы эфирден кийин жакшы пикирлерди, ошол эле учурда сын пикирлерди да уктум. Өзүмдү өстүрүү үчүн орусиялык каналдардын дикторлорунан таасир алып турдум. Анда азыркыдай курстар, окутуулар жок эле. Тажрыйбалуу адистерден кеңеш алып, сөздөрдү туура окуу боюнча окууларды баштагам. Ошентип, эфир менин экинчи үй бүлөмө айланган. Ошол эле учурда кабарчылыкты, журналисттик чыгармачылыкты кошо ала жүрдүм.

-Журналистикага алгач кадам таштаган Чынар Капарова менен азыркы Чынар Капарованын кандай сүрөттөйт элеңиз?

-Өзгөчө деле олуттуу өзгөрүү болду деп айта албасам керек. Журналистикага адеп кадам таштаган Чынар ишенчээк, жөнөкөй, жаман ойдон алыс, жаман адамдардын болоорунан кабарсыз эле. Турмуш, курчап турган чөйрөң сенин мүнөзүңдү чыңдап, коомго жана адамга болгон мамиленди да өзгөртүп салат тура. Эки Чынардын айырмасы боюнча суроону башкаларга, өзгөчө менин күйөрман-көрармандарыма берсеңиз так жана чынчыл жооп алсак керек. Ошол эле курч, тырышчаак, иштерман мүнөзүм сакталып калды деп айта алам. Азыр да иш дегенде жеп жаткан ашымды таштай салам. Жумушта кандай болсом, үйдө деле, коомдо деле ошол мүнөздөмүн. Болгону эфирде башка “тебетейди” кийүүгө туура келет. Программа олуттуу, саясий болгондуктан ошол талапка жооп бергенге аракет кылат экенсин. Эфирден көргөн адам мени олуттуу, бир аз каардуу кабыл алышса керек. А жашоомдо сүйлөшө келсең ачык, тамашаны талдай билген, түшүнө билген, айрым провокацияларга берилип кетпеген адаммын деп сыпаттай алам. Бирок чындык чыркырап турган айрым учурларга бетке чабаар мүнөзүм бар. Мүнөзүмдүн тескери жагы ушул деп ойлоймун.

- Сиз карьераны да, үй бүлөнү да чогуу алып кеткен айым катары айтсаңыз, баардыгына кантип жетишесиз?

-Мен турмушка чыккан мезгилде биринчи орунга үй-бүлөнү коюп, өз каалоом менен эфирди өткөрүп кеткен баатырлыгым бар. Мен үй бүлөнү, сүйүүнү тандагамын. Ошол учурда үй бүлөнү да, карьераны да бирге алып кеткен айымдарга таң калып, алар менен сыймыктанаар элем. Көрсө бул жерде айымдын эмес, анын жубайынын да каармандыгы маанилүү. Эгер үй-бүлөдө сенин тандаган кесибиңе, иштеген ишиңе түшүнүү болбосо үй бүлө менен карьераны чогуу алып кетүү кыйын. Турмуш курган алгачкы айларда кыйналдым. Үйүбүзгө мейман көп келээр эле, эки күндүн биринде конок күтмөй. Бир күнү эфирди бүтүрүп, саат түнкү он жарымда үйгө келсем, келген меймандар өздөрү досторкон жазып, өздөрү эт асып, жеп-ичип мени бата кылуу үчүн гана мени күтүп калышыптыр. Ошондо жолдошумдун көз карашынан мага бир аз нааразылык байкалды. Жаман айткан жок. Бир көз карашы менен баардыгын түшүндүрдү. Өзүм да уялдым. Эртеси күнү барып эле эфирге чыга албаймын деп, жумушумду тапшырып кетип калдым. Эфирге кайра кайтып келүү оюмда дагы жок эле, бирок “башка салса байтал жорго” демекчи, жолдошумдан ажырап калдым, белди бекем бууп чарбаны алып кетүү милдети турду. Ошентип эфирге кайтып келүүгө аргасыз болгомун. Азыр үй бүлө менен ишти бирдей алып кетүүгө аракет кылып келемин.

-Айымдардын баарын кызыктырган суроо болсо керек, сулуулугунуздун сыры эмнеде?

-Сулуулуктун касиети келбетте эмес, анын касиети мүнөзүндө, сүйлөгөн сөзүңдө, жасаган ишиңде. Адамды анын адамга болгон мамилеси сулуу кылат. Жакшы адам болсоң жакшы таасир калтырасың. Ал эми сиз сурап жаткан тышкы сулуулук, бул – жалкоолукту четке каккан, дайыма ишенимдүү жүрүүгө өбөлгө түзгөн күнүмдүк аракет. Өзүмдү өзгөчө сулуу айым деп сыпаттай албайм, болгону дайыма жакшы маанайда, ишенимдүү аракетте жүргөн багытымтын таасири болсо керек.

-Журналисттик иштен сырткары дагы эмне менен алектенесиз?

-Азыр Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда окутуучу-тренер катары иштеп да жатам. Акыркы 3-4 жылдан бери окутуучулук жагын кошо алып кетүү аракети менен жүрөмүн. Студенттер менен иштөө өзгөчө кызыктуу, өзгөчө таасирдүү. Аларды окутуп-үйрөтүү аракети менен өзүм да көптү окуп, көптү билип жатамын. Кылым жаша, кылым оку демекчи, бул жашоо күнүгө окуу, күнүгө үйрөнүү менен кызык экен. Кыргыз улуттук университеттин алдындагы телестудияны жаңылап алдык, ошол студияда болочок теле жана радио алып баруучуларды эфир маданиятына, эфир чеберчилигине, кеп маданияты менен техникасына үйрөтүп жатамын. Ошол эле учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде журналистикага тиешелүү сабактарым бар. Мындан тышкары Улуттук илимдер академиясынын аспиранты катары илимий макалаларды жазып, илим жолундамын.

-Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

-Көп максаттарым бар. Канчасын ишке ашырууга мүмкүн болоорун, канчасына алым жетпей калаарын убакыт көрсөтөөр. Эң башкы тилегим үй бүлөмдүн, ата-энемдин, бир туугандарымдын, жалпы элдин тынччылыгы, аманчылыгы. Амандык жана ден соолук болсо бырдыгын жасап үлгүрүүгө болот. Азыр илим жолунда жүргөндүктөн, башкы максатым илимди жактоо, студенттерге жаңы ыкмадагы окууларды сунуштоо, тилдерди үйрөнүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!