15-декабрь: катуу туман түшөт

15-Дек. 2017, Жума, 10:21

Бүгүн, 15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11 күндүз +0...-5;

Талас дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз -2...+3;

Баткен дубанында түнкүсүн +0...-5, күндүз -1...+4;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6;

Бишкек шаарында 15-17-декабрда жаан-чачын болбойт. Мезгил-мезгили менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -2...-4 градус суук болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!