Адилбек: "Билимимди Кыргызстандын керегине иштетем"

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:36

Эгер адам баласы кааласа ар кандай кесипти бир аркалап кеткенге толук кудурети жетет деген ишеним менен океандын ары жагында билим алып бийик максаттар менен жүргөн мекендешибиз Адилбек Болотбеков АКШдагы жашоосу менен бөлүштү.

-Адилбек мырза өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

-Мен Ош шаарында тyyлyп өскөм. Yй-бүлөдө 4 бир тyyгандын yлyyсyмyн. Ата-энем бизнес тармагын аркалаган үчүн өзүм бала кезимден эле бизнес, экономика, кесиптин ээси болyyну самачумын. Ошондyктан Оштогy Ага Хан мектепбин аяктаган соң, Бишкекте Кавендиш-Колледж Лондон Бишкек аттyу британиялык колледжге тапшырдым. Ал колледжде 3 жыл бизнес жана менеджмент факyльтетинде окyгандан кийин, Лондондон окyyмдy yлантyyну чечтим. Лондондо дагы 2 жыл бизнес жана менеджменти жактан билим алып бакалавр даражасына ээ болдyм. Азыркы yчyрда АКШда окyyмдy yлантып магистратyрада окyп жатам.

-АКШга кантип келип калдыңыз АКШга келүү жеңил болбосо керек, кандай кыйынчылыктар болду?

-Лондондо окyyнy 2013-жылы аяктаган соң, Кыргызстанга келип 2 жыл иштеп көрдүм. Бирок кайрадан эле окyyмдy yлантып магистр даражасына ээ болгyм келди. Кайра эле Лондонго барайын дедим бирок өзүм үчүн жаңы өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрөйүн деп чечтим. АКШга келүү оңой болгон жок, келээрде алдын ала 3 ай даярдандым. Даярданууга мага стyденттерди чет өлкөгө окyyга жөнөткөн Лондондон бир компания жардам берди. Эң башкысы тyyра докyменттерди чогyлтyп жана yниверситеттин өзүнүн талаптарын аткаргандан кийин мага чакырyy жөнөтүштү. Чакырyy менен АКШнын элчилигинде стyденттик визага тапшырдым. Стyденттик визага тапшырып жатканда да оңой болгон жок. Элчи менден англисче болжолy менен 45 мүнөт маек алды. Кийин сyраштырсам мындай нерсе сейрегирээк кездешет деп yктyм, анткени көбүнчө визага тапшыргандардан 5 мүнөткө жетпей эле сyроолордy берип чечим чыгарат экен.

-Сиз учурда АКШда билим алат экенсиз ошол тууралуу кененирээк билсек?

-Азыркы yчyрда АКШнын Чикаго шаарынын Конкордиа Университетинде магистратyрада, каржы тармагында билим алып жатам. Магистратyра программасы 2 жылга созyлат. Ал эки жылдын ичинде мен жалпы тармактагы 13 сабак окyймyн. Алардын ичине Экономика, Маркетинг, Инвестиция, Инновация жана башка сабактар кирет. Андан сырткары өз кесибим боюнча дагы кошyмча 4 сабак окyйм. Сабактар кечки саат 5тен 10го чейин, жyмасына 3 күн болот. Калган күндөрү үй тапшырмаларын аткаруу жана машыгyy менен алекмин.

-Билим алуудан тышкары эмне менен алектенип жатасыз?

-Окуудан сырткары машыгyy менен алектенем жана ошондой эле өз кесибим боюнча жyмyш караштырып жүрөм. Азыркы yчyрда мен бир ай кышкы эс алyyга чыктым. АКШнын башка жерлерин кыдырып келсемби деген пландарым бар.

-Чет өлкөдө билим алуу сиздин жашооңуза кандай таасирин тийгизди?

-Эң биринчиден чет өлкөдө окyп жаткандан кийин тил үйрөнөсүң. Тил билсен эл кыдырасың, жер кыдырасың алардын маданиятын, салттарын түшүнөсүң. Андан сырткары башка өлкөдөн келген башка улуттагы адамдар менен достошосуң жана инсан катары өсөсүң. Эң башкысы чет өлкөдө окуп билим алып жаткандан кийин аны туура пайдалануу өтө зарыл.

-Жаңы өлкөнүн менталитетине, маданиятына жана жашоо образына көнүү оңой болбосо керек?

-Мен АКШга чейин Лондондо жүргөн үчүн, Лондондой эле болсо керек деп келгем. Чынын айтсам окшош жактары көп экен, ошодуктан мага жаңы өлкөгө көнүп кетиш кыйын болгон жок. Андан сырткары жердештер көп болгон үчүн көнүп кеткенге оңой болду. АКШнын жарандары жөнүндө айта кетсем, ар дайым маданияттуу, кичипейил жана кайрымдуу болушат.

-Сизди спортчу катары да билебиз спорттогу ийгиликтериңизге токтоло кетиңиз?

-Спортту мен жаш кезимден бери жакшы көрөм. 8 жашымдан бери спортто активдүү жүрөм деп айтсам болот. Алгачкы спорт мен үчүн сууда сүзүү болгон. Андан кийин өзүмдү грек-рим стилинде күрөштө да сынап көрдүм, бирок ал жерде көпкө кармала алган жокмун. Мага бала кезден эле мушташ спортун чагылдырган тасмалар жакчу, ошол себептен мен кикбокска келип калдым. Кикбоксту 2003-жылы Ошто “Ош Азия” клубунан баштагам. 2008-жылы Бишкеке көчүп келгенден кийин Маралбек Давлеткуловдун колунда машыгып агайдын жардамы менен мен кикбокс боюнча 18 жашымда спорт чебери болдум. Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси болдум. Андан сырткары Дүйнө кубогунда жана Дүйнө биринчилигинде чейрек финалга чейин жеткем. Кикбокстан сырткары ушу саньдадан жана кармаш уруш боюнча да ар кандай сыйлыктарым бар.

-Спорт сиз үчүн эмне, спорттон сиз эмне ала алдыңыз?

-Спорт мен үчүн жашоомо эң керектүү сапат деп айта алам. Спортсуз жашоомду элестете албайм, машыкпай коёюн деп көп аракет кылып көрдүм бирок баари бир спортко кайтып келем. Спортту жөн гана күчтүү болуу үчүн аркалаган жокмун. Мени спорт чечкиндүүлүккө, туруктуулукка, тартиптүүлүккө, жеңишке умтула билүүгө жана башка баалуу сапаттарды өнүктүрүүгө үйрөттү. Ушул сапаттар жашоодогу болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет деп мен толук ишенем.

-Кошмо штатка сизди бир бийик максат жетелеп келди да, ошол максатыңыз менен бөлүшө кетиңиз?

-Максатың жок болсо башка өлкөгө барыштын кереги жокко дейм. Эң башкысы азыр Магистратураны ийгиликтүү аяктап алышым керек, жана ошондой эле кикбокстан да жаңы беттештерге даярданып жатам. Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретем деген чоң максаттар бар. Кудай буюрса ал нерсени акырындан ишке ашырабыз. Дагы башка максаттарым бар бирок азырынча мен айтып кеткен максаттардын үстүндө алектенүүдөмүн.

Адам баласы эгер кааласа ар кандай кесипти бир аркалап кеткенге толук кудурети жетет деп ишенем. Кайсыл жакта жүрбөйүн өзүмдүн жеримден жакшы жер жок. Бул жактан сапаттуу билим алып, спорт, кесип жана бизнес жагынан тажрыйба алып, кийин болгон билимимди Кыргызстандын керегине иштетем деген үмүт тилектер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!