Депутат: “Жараксыз паспорттор боюнча көйгөй бар”

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Бүгүнкү күндө кыргыз паспортунун айланасында бир топ маселелер бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Кыргызстандын Россиядагы экс-эличиси Болот Жунусов билдирди.

“Баарыңыздарга белгилүү болгондой өткөн жылы 98 уйгур жасалма кыргыз паспорту менен Түркияда кармалган. Ошондой ЖКМларга чыккан маалыматтарга караганда, КМШ мамлекетинин ичиндеги мыйзамдагы уруулар кыргыз паспорту менен жүрүшөт экен. Анан биз бул маселени кантип токотобуз деп, бүгүн атайын талкуу өткөрдүк. Негизи эле паспорт системасында коррупция жана кандайдыр бир кемчиликтер бар”,-дейт Жунусов.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев: “Паспорт биздин атрибуттардын бири. Албетте, мындай жакшы эмес факттар бар. 98 паспорт боюнча азыркы учурга чейин жооп боло элек. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети ал паспортторго жете албай жатабыз. Ошол эле учурда жасалма паспорттор тууралуу кылмыш иштеринин жарымы токтоп турат”,- деди.

Андан сырткары Жээнчороев жарактан чыккан паспортторду жок кылуу боюнча да көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!