7-март: Бишкекте жаан-чачын болбойт

7-Март 2017, Шейшемби

Бүгүн, 7-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жамгыр жаабайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+1, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6 градус жылуу болот;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз +4…+6 градуска чейин

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!