25-декабрь: бийик тоолорго кар жаайт

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 09:53

Бүгүн, 25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорго кар жаайт. Баткен, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1...+4 күндүз +8...+13;

Талас дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...+5, күндүз +8...+13;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...-5, күндүз +2...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3;

Бишкек шаарында 25-декабрда ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +9...+11 градус жылуу болот.

Ал эми 26-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!