28-декабрь: айрым жерлерде кар жаайт

28-Дек. 2017, Бейшемби, 10:16

Бүгүн, 28-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7...-12 күндүз -2...-7;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз +0...-5;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10;

Бишкек шаарында 28-30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз -3...-5 градус суук болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!