29-декабрь: күн ачык болот

29-Дек. 2017, Жума, 10:19

Бүгүн, 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12 күндүз +0...+5;

Талас дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз +2...+7;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -1...-6;

Бишкек шаарында 29-31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9, күндүз +3...+5 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!