5-январь: -23 градус суук болот

5-Янв. 2018, Жума, 10:05

Бүгүн, 5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...-9 күндүз -2...+3;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +1...+6;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12;

Бишкек шаарында 5-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +0...-2 градус суук болот.

Ал эми 6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 6-январда күндүз жана 7-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!