Алдыдагы дем алыш күнгө карата аба ырайы

6-Янв. 2018, Ишемби, 12:49

Бүгүн, 6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8 күндүз -2...+3;

Талас дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11;

Бишкек шаарында 6-8-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз 0...+2 градус жылуу болот.

Ал эми 7-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!