8-январь:аба +8 градус жылуу болот

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:05

Бүгүн, 8-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 күндүз +1...+6;

Талас дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +3...+8;

Баткен аймагында түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -3...-8;

Бишкек шаарында 8-10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +3...+5 градус суук болот.

Ал эми 9-январда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!