9-январь: аба +10 градуска жылуу болот

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:08

Бүгүн, 9-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -2...-7 күндүз +4...+9;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +5...+10;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8;

Бишкек шаарында 8-10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз +3...+5 градус суук болот.

Ал эми 10-январда жана 11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда эртең менен, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!