10-январь: күн ачык болот

10-Янв. 2018, Шаршемби, 10:11

Бүгүн, 10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңгок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8 күндүз +3...+8;

Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...-9 күндүз +1...+6;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +1...+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8;

Бишкек шаарында 10-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз +5...+7 градус жылуу болот.

Ал эми 11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда эртең менен, күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!