11-январь: мезгил-мезгили менен кар жаайт

11-январь: мезгил-мезгили менен кар жаайт
11-Янв. 2018, Бейшемби, 10:08

Бүгүн, 11-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда эртең менен, күндүз, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8 күндүз -4...+1;

Талас дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +1...+6;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10;

Бишкек шаарында 11-январда түнкүсүнжаан-чачын күтүлбөйт. 11-январда күндүзжана 12-январда мезгил-мезгили мененкар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6, күндүз 0...-2 градус суук болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!