​18-январь: өлкөдө күн ачык болот

​18-январь: өлкөдө күн ачык болот
18-Янв. 2018, Бейшемби, 09:01

Бүгүн Кыргызстанда күндүз жаан-чачын жок, түнкүсүн айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромед билдирди.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер-жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батышкан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6 градус жогору

Нарын дубанында -11…-16, күндүз 0…-5.

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус жылуу,

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус суук,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6 градус жогорулайт,

Бишкек шаарында 18-январда кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 градус суук, күндүз -1…+1.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!