​"Кыргызстандагы эң пайдалуу бизнес: чакан зоопарк" (видео, фото)

​
22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 17:37

Ырас, акыркы учурда элибиз жакшы жашаштын терең сырын ар тараптан үйрөнүп келет. Дегеним, бүгүнкү күндө Дамира Табалдиева Бишкек шаарынын чет жакасындагы Байтик айылында канча жылдан бери африкалык жандыктарды өстүрүп, анын пайдасын көрүп келет. Анткени, мындай чакан зоопарк фермасы Кыргызстандагы жападан жалгыз болгондуктан, бул жай көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп турат. Бул жайдагы жандыктарды акыга көрүү үчүн кызыгып келген кишилердин арты үзүлбөйт. Дал ушул чакан зоопарктын кожойкеси менен “Zaman Кыргызстан” маалымат агенттигинин кабарчысы пикир алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!