Баш калкалоочу жайларда балдар да бар

Баш калкалоочу жайларда балдар да бар
26-Янв. 2018, Жума, 18:04

Үй-жайы жоктор үчүн Бишкек шаарында убактылуу башкалка берүүчү 4 жай иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы Калперизат Айдарбекова “Zaman Кыргызстан” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, азыркы тапта бардык үй-жайсыздарга ысык тамак берилип, медициналык кароодон өткөрүлүп, жылуу кийимдер берилген.

“Үй-жайсыздар үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Коломто” борборунда баш калка берилүүдө. Ошондой эле Ленин районундагы “Кайрымдуулук борборунда” учурда 38 адам бар. Алардын ичинен 20сы аял, 18и балдар. Андан сырткары Октябрь районунун Токонбаев көчөсүндөгү Тазалык комбинатынын имаратында 47 киши бар болсо, анын 41и эркек, 6сы аял. Ал эми Сверлов районунун Фере көчөсүндө баш калкалоочу жайында 25 киши болсо, анын 17си эркек, 8и аял”,- дейт Айдарбекова.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын тараткан билдирүүсүнө ылайык, Бишкекте жыл башынан бери 15 киши тоңуп каза болгон. Маркумдардын бардыгы үй-жайсыз болгон.

Андан мурдараак Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында үй-жайсыз 65 жаштагы жарандын тоңуп калган сөөгү табылган.

Айта кетсек, 27-29-январда абанын температурасы төмөндөп, абанын температурасы -45 градуска чейин жетээри күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!