Өкмөт башчы ИИМдин кызматкерлерин сындады

Өкмөт башчы ИИМдин кызматкерлерин сындады
9-Фев. 2018, Жума, 15:18

Бүгүн, 9-февралда премьер-министр Сапар Исаков Ички иштер министрлигинин коллегиялык кеңешмесине катышып, ал өлкөнүн ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча бир катар милдеттерди койду.

Анда өкмөт башчы айрым жагымсыз көрүнүштөр ички иштер органдарынын жалпы тутумунун беделин түшүрүп жатканын белгилеп, кызматтык тартипке өзгөчө басым жасоону өтүндү.

Исаковдун айтымында, калктын бийликке ишенбешинин себеби — аймактардагы милиция кызматкерлеринин кызматтык милдеттерине көңүлкош мамиле кылгандыгы, жарандар менен иш алып барууда кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгында болууда.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөнүн жол коопсуздугу тутумун реформалоо маселеси анын жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашырылышы менен жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин функционалдык милдети кайрадан каралып чыгат. Ошондой эле «Таза Коом» программасын ишке ашыруу алкагында Башкы прокуратура ИИМ менен биргеликте кылмыштарды электрондук эсепке алуу боюнча тутумду иштеп чыгууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!